Визион: Борбор Азия жана Түрк дүйнөсүн изилдөө жаатында курамында кеминде 10 изилдөөчү болгон, эл аралык деңгээлде абройлуу эл аралык конференция өткөргөн, маанилүү изилдөөлөрдү жана долбоорлорду ишке ашырган, бул тармактагы алдыңкы изилдөөчүлөр үчүн тартуу борборуна айланган дүйнөлүк алдыңкы изилдөө борборлорунун бири болуу.

Миссия: Борбор Азия жана Түрк дүйнөсүн изилдөө тармагында стратегиялык, саясий, социалдык, экономикалык жана маданий мүнөздөгү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; жаңылыктарды, бюллетендерди, баяндамаларды, анализдерди жана китептерди даярдап, жарыялоо; долбоорлорду ишке ашыруу; сертификаттык программаларды уюштуруу; симпозиум, семинар жана конференцияларды өткөрүү; абройлуу эл аралык конференцияны уюштуруу; мекеме ичиндеги жана тышындагы изилдөөчүлөргө жана студенттерге көмөк көрсөтүү; студенттерге стажировка жана талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүгө шарт түзүү.

Максат: Борбор Азия жана Түрк коомдору менен өлкөлөрүнүн ортосундагы коомдук, саясий жана экономикалык байланыштарды бекемдөө, ошондой эле орток баалуулуктар менен маданиятты ачыкка чыгарып, иштеп чыгуу жана чыңдоо максатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; илимий иштерге көмөк көрсөтүү; стратегиялык көз караштар менен долбоорлорду иштеп чыгуу, бөлүшүү жана ишке ашыруу; ушул эле максаттарда иш алып барган тараптар менен кызматташуу жана аларга колдоо көрсөтүү.