11.09.26

Кыргызстандын Талас облусунда бензин жана дизель фракциясын кайра иштетүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда. Инвестициянын болжолдуу көлөмү $350 миллион долларды түзөт деп бааланууда. Бул тууралуу, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

06.09.26

Кыргызстан менен Татарстан соода-экономикалык кызматташтыкты, ишкерлердин ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүүнү жана инвестициялык демилгелерди биргелешип илгерилетүүнү талкуулашты. Бул маселелерди Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов 6-сентябрда Ысык-Көлдөгү №2 мамлекеттик резиденцияда болгон жолугушууда талкуулашты.

24.08.26

Кыргызстандын Мамлекеттик “Кыргызфармация” ишканасы дары-дармектерди Түркиядагы өндүрүүчүлөрдөн түз сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы “Кыргызфармациянын” жетекчиси Акылбек Туратбек уулунун Түркияга болгон иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берүү учурунда билдирди.

31.07.26

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн жыйынга Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон катышты.

03.08.2026

Кыргызстан Түркиянын рыногуна мөмө-жемиштерди түз жеткирүүнү баштоого даярданууда. Бул тууралуу, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кыргызстандык экспорттоочулар менен Түркиянын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү экспорттук келишимдерге кол коюу боюнча макулдашышты.

31.08.2026

Кыргызстан менен Азербайжан “Азербайжан-Кыргызстан” өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын 100 млн доллардан 200 млн долларга чейин көбөйтүү боюнча макулдашууга жетишти. Тиешелүү макулдашууга Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлду.

15.07.26.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров, Түркиянын TANFER компаниясынын өкүлдөрү жана Түркиянын Бокс федерациясынын вице-президенти, директорлор кеңешинин төрагасы Мехмет Танфер менен жолугушту.

15.07.26

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан 15-июль – Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата жарыялаган кайрылуусунда бул күндүн тарыхый маанисине, демократиялык аң-сезимге жана улуттук эрктин баалуулугуна байланыштуу төмөнкүдөй пикирин билдирди: “Тарыхта элдерди сактап келген эң күчтүү күч – бул жалпы баалуулуктардын айланасына бириге билген эрк. 2016-жылдын 15-июлуна караган түнү Түркия Республикасы дал ушундай эрктин эң таасирдүү үлгүлөрүнүн бирине күбө болду. Элдин демократияны, укуктук тартипти жана мыйзамдуу мамлекеттик түзүлүштү коргоодогу чечкиндүүлүгү тарыхта унутулгус окуя катары калды.

Түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасын сактоого, өнүктүрүүгө жана эл аралык деңгээлде жайылтууга зор салым кошуп келе жаткан ТҮРКСОЙ уюмунун негизделген күнү менен куттуктайбыз.

26.06.2026

Түркиянын эң ири чай өндүрүүчүлөрүнүн бири катары белгилүү болгон “Beta Gıda” компаниясы, Кыргызстандагы социалдук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.