13.10.2026

Өзбекстан менен Түркия өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, соода тоскоолдуктарын жоюу жана эки өлкөнүн рынокторуна товарларды чыгаруу шарттарын жакшыртуу боюнча иштерди улантууга макулдашты. Бул маселелер Анкарада өткөн Өзбекстан-Түркия соода боюнча жумушчу тобунун экинчи жыйынында талкууланды.

11.10.2026

Өзбекстан менен Казакстан улуттук IT-экосистемалардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоону жана эл аралык рынокторго чыгууга багытталган биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүнү көздөшүүдө. Бул маселелер Өзбекстандын Санариптик технологиялар министри Шерзод Шерматов менен Казакстандын элчиси Ерали Тугжановдун жолугушуусунда талкууланды.

04.10.2026

Беш өлкөнүн жаратылыш газын өткөрүү системаларын бирдиктүү тармакка бириктирүүнү көздөгөн «Борбордук Азиянын жаратылыш газ шакеги» долбоору 15–16-октябрда Ташкентте өтө турган Борбордук Азиянын экинчи мунай жана газ форумунда талкууланат. Түркмөнстан да катыша турган бул ири долбоор аймактын энергетикалык коопсуздугунда жаңы доордун башталышына жол ачат.

01.10.2026

Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров Түркиялык Хуршит Налли жетектеген “Bademli” кооперативинин делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар айыл чарба тармагындагы кызматташтыктын келечегин жана жаңы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

27.09.2026

Азербайжан жана Өзбекстан жалпы наркы 389 миллион долларды түзгөн 10 инвестициялык долбоорду ишке киргизишти. Бул тууралуу TRACECA Өкмөттөр аралык комиссиясынын Туруктуу катчылыгынын башкы катчысы Жасурбек Чориев билдирди.

23.09.2026

Азербайжан жана Өзбекстан эки өлкөнүн туристтик потенциалын илгерилетүү жана өз ара туристтик агымды көбөйтүү максатында үчүнчү өлкөлөрдө биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу Vesti.az маалымат кызматы билдирди. Мындай макулдашууга Азербайжандын Өзбекстандагы элчиси Рашад Мамедов менен Өзбекстандын Туризм комитетинин төрагасы Абдулазиз Аккуловдун жолугушуусунда жетишилди.

22.09.2026

Өзбекстан Каспий деңизиндеги Түркмөнбашы, Актау жана Баку портторунда, ошондой эле Кара деңиздеги Поти жана Анаклия портторунда логистикалык инфраструктура түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Президентинин басма сөз кызматы билдирди.

22.09.2026

Өзбекстанда  кубаттуулугу 1,5 ГВт, жалпы наркы болжол менен 3,07 млрд долларды түзгөн Коңурат шамал энергетикасы долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында үч шамал электр станциясын, энергияны топтоо системасын жана электр энергиясын Өзбекстандын энергетикалык системасына берүү үчүн жогорку чыңалуудагы электр линияларын куруу каралган. Бул тууралуу “inbusiness.kz” маалымат кызматы билдирди.

08.09.2026

Өзбекстандын Телекоммуникацияларды башкаруу борбору Түркияда мамлекеттик органдардын жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрү менен телекоммуникация жана мониторинг тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу Телекоммуникацияларды башкаруу борбору билдирди.

02.09.26

Өзбекстандын Навои облусунун Нурата районунда кубаттуулугу 300 МВт болгон күн фотоэлектр станциясы (КЭС) жана кубаттуулугу 150 МВт болгон энергияны сактоо системасы ишке киргизилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.