16.06.26

Түркмөнстандын “Aýdyň Gijeler” компаниясы Өзбекстанда жаңы өндүрүш аянтчасын түзөт. Тиешелүү кызматташтык жөнүндө меморандумга компаниянын жетекчилиги менен Ташкент шаарынын акиминин жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлду. Бул тууралуу “Aýdyň Gijeler” компаниясы дүйшөмбү күнү билдирди.

12.06.26

Түркиянын Денизли шаарында өткөн “Түркмөнстан-Түркия” бизнес форумуна, Түркиянын 100 ашуун компанияларынын жетекчилери жана жеке сектордун өкүлдөрү катышып, анда Түркмөнстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Бул тууралуу бейшемби күнү Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары кабарлады.

03.06.26

Шейшемби күнү Бакуда өткөн “Baku Energy Week 2026” форумунун алкагында “Түркмөнгаз” мамлекеттик концернинин төрагасынын орун басары Кемал Дурдыев менен Азербайжандын Мамлекеттик “SOCAR” мунай компаниясынын вице-президенти Эльшад Насиров жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

13.05.26

Шейшемби күнү Баку эл аралык деңиз соода портунда, Түркмөнстанда жасалган алгачкы “Gadamly” аттуу жүк ташуучу кемесин тосуп алуу боюнча салтанаттуу азем болуп өттү. Жүк көтөрүмдүүлүгү 6,100 тоннаны түзгөн жүк ташуучу кеме 240 даана жыйырма футтук контейнерди ташууга ылайыкталган. Бул тууралуу Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары билдиришти.

17.04.26

“Түркмөнгаз” мамлекеттик концернинин төрагасы Максат Бабаев бейшемби күнү Ашхабад шаарында “QazaqGaz” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Алибек Жамауов менен жолугушуу өткөрүп, анда газ тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

03.04.26

“Türkmenhimiýa” мамлекеттик концернинин төрагасы Ресул Мырадов жана Өзбекстандын Түркмөнстандагы элчиси Равшанбек Алимов жолугушуу өткөрүп, химия өнөр жайындагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Тараптар Түркмөнстан менен Өзбекстандын ресурстарын жана өндүрүштүк кубаттуулуктарын бириктирүү аркылуу жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

25.03.2026

Түркмөнстан жана Азербайжан “жашыл” энергетиканы өнүктүрүүгө кызыгуу билдирип, бул багытта өз ара аракеттенүүгө даяр. Бул тууралуу Түркмөнстандын Азербайжандагы элчиси Гурбанмаммет Эльясов “Report” агенттигине берген маегинде билдирди.

23.03.26

2026-жылдын январь–февраль айларында “Баку–Тбилиси–Жейхан” (БТЖ) мунай кууру аркылуу Түркмөнстан жана Казакстандан ташылган мунайдын транзитинин жалпы көлөмү 686,4 миң тоннаны түздү.

18.03.2026

2025-жылдын жыйынтыгы менен Түркмөнстандын экономикасына тартылган инвестициялардын көлөмү 12,8 млрд доллардан ашып, 2024-жылга салыштырмалуу 6,0% пайызга өскөн. Бул тууралуу, Түркмөнстандын Финансы жана экономика министринин орун басары Перхат Ягшиев шаршемби күнү Ашхабад шаарында өткөн “Түркмөнстандын келечегине инвестициялар” аттуу эл аралык форумда билдирди.

05.03.26

Түркмөнстандын Лебап облусунун акими Дурды Генжиев  Өзбекстандын элчиси Равшанбек Алимов менен жолугуп, Өзбекстандын Бухара облусу менен Түркмөнстандын Лебап облусунун ортосунда “Алат–Фараб” чек ара соода аймагын түзүү маселесин талкуулашты.