ORASAM Башкаруучулар кеңеши | |
Төрага: Проф. Д-р Насух Услу | |
Төрага орун басары: | |
Мүчө: Доц. Д-р | |
Мүчө: Доц. Д-р | |
Мүчө: Доц. Д-р | |
Жумушчу топтор | |
Эл аралык мамилелер жана саясий илимдер боюнча жумушчу топ | |
Маалымат каражаттары боюнча жумушчу топ | |
Социология боюнча жумушчу топ | |
Экономика боюнча жумушчу топ | |
Билим берүү боюнча жумушчу топ | |
Маданият жана туризм боюнча жумушчу топ | |
Борбордун кызматкерлери: | Д-р., Максат Ажыкан уулу |
Наталия Курт | |
|
|
Төрага: Проф. Д-р., Насух Услу Ал 1966-жылы Измир шаарында төрөлгөн. 1988-жылы Анкара университетинин саясий илимдер факультетинин эл аралык мамилелер бөлүмүн бүтүргөн. Англиядагы Бирмингем университетинин Социалдык илимдер факультетинин эл аралык мамилелер бөлүмүндө магистратурасын (1990) жана Дарем университетинин Жакынкы Чыгыш изилдөөлөр борборунда докторлук даражасын (1994) аяктаган. 1995-жылы Кырыккале университетинин Экономикалык жана административдик илимдер факультетинин эл аралык байланыштар бөлүмүндө ассистент болуп иштеп баштаган. 2005-жылы март айында доцент, 2010-жылы май айында профессор наамын алган. 2009-2010-жылдары Кырыккале университетинде декандын орун басары, 2010-2011-жылдары Коомдук илимдер институтунун директору, 2011-2014-жылдары Экономикалык жана башкаруу факультетинин деканы болуп иштеген. 2015-жылдын январь айынан 2015-жылдын август айына чейин, Полиция академиясында иштегенден кийин, 2016-жылдын октябрынан 2018-жылдын январь айына чейин, Анкара Коомдук илимдер университетинде саясий илимдер факультетинин деканы болуп эмгектенген. 2018-жылдын июль айынан 2022-жылдын сентябрына чейин Стамбул Сабахаттин Заим университетинде проректор, декандын орун басары жана Эразмус координатору болуп иштеген. Негизги изилдөө тармагы Түркия-Америка мамилелери, Кипр маселеси, Түркиянын тышкы саясаты, Американын тышкы саясаты, Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азияны изилдөө болуп эсептелет. Көптөгөн улуттук жана эл аралык журналдарда жарыяланган макалаларынан тышкары Америкада 3 китеби жана Түркияда басылган 5 китеби бар. Көптөгөн макалаларды англисчеден түркчөгө которуудан тышкары, Эл аралык мамилелер тармагындагы 8 негизги китепти түрк тилине которгон. |
|
Төрага орун басары: Профессор, доктор Озан Йылмаз Профессор, доктор Озан Йылмаз 1980-жылдын 20-апрелинде Гиресун шаарында төрөлгөн. Ал башталгыч жана орто билимди ушул эле шаарда алып, 2001-жылы Чанаккале Онсэкиз Март университетинин Гуманитардык факультетинин түрк тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган. 2004-жылы Газиантеп университетинин Социалдык илимдер институтунда «Урфинин „Касиделерине“ түркчө комментарийлер» темасында магистрдик диссертациясын, ал эми 2008-жылы Мармара университетинин Түрк изилдөөлөр институтунда «Суди-и Босневи жана Гүлистандын Шерхи» темасында доктордук диссертациясын жактаган. 2003–2004 жана 2008–2010-жылдары Газиантеп университетинин Искусство жана илим факультетинин Түрк тили жана адабияты кафедрасында илимий кызматкер болуп иштеген. 2004–2008-жылдары Мармара университетинин Түрк изилдөөлөр институтунда эмгектенген. 2010-жылдан баштап, Сакария университетинин Гуманитардык факультетинин Түрк тили жана адабияты кафедрасында окутуучу (2010–2012-жылдары доценттин милдетин аткаруучу, 2012-жылы доцент, 2019-жылы профессор) болуп иштеп келет. Анын «Gülistân Şerhi» (2012), «Necâtî Bey Divanı» (2015), «Hüsn ü Aşk» (2018), «Ferheng-i Şuûrî» (4 том, 2019), «Şeyhî Hüsrev ü Şîrîn» (2020) жана «Şiirin Beylerbeyi Necati Bey» (2023) сыяктуу китептери, ошондой эле илимий макалалары, китеп бөлүмдөрү жана эл аралык симпозиумдарда сунушталган баяндамалары бар. 2019-жылы Түркиянын илимдер академиясынын (TÜBA) «Үзүрлүү жаш окумуштуу» (GEBİP) сыйлыгына татыган. TDK, TÜBA, TÜBİTAK, AKMB жана башка илимий журналдарда рецензент жана эксперт катары иш жүргүзүп келет.
|
|
|
Төрага орунбасары: PhD. Доцент. Азамат Максүдүнов
Доцент Азамат Максүдүнов Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Коомдук илимдер институтунда 2007-жылы магистратураны, 2010-жылы докторантураны (PhD) аяктаган. 2013-жылы КТМУнун Экономикалык жана башкаруу факультетинин менеджмент кафедрасында доценттин милдетин аткаруучу болуп иштеп баштаган, 2024-жылдын июль айында доценттик наамын алган. 2024-жылдын ноябрынан тартып ЖОЖдон кийинки билим берүү институтунун директорунун орун басары кызматын аркалап келет. Илимий изилдөө багыттары кызмат көрсөтүү маркетинги, электрондук маркетинг жана ишкердүүлүүк темаларын камтыйт жана Түрк дүйнөсүнө байланыштуу илимий иш-чараларга да активдүү катышып келет. Азыркы учурга чейин 44 илимий макаланын, 40 илимий баяндаманын, 10 китеп бөлүмүнүн жана 4 китептин автору. 2017-жылдын январь айынан март айына чейин Индиянын техникалык жана экономикалык кызматташтык (ITEC) программасынын алкагында Индиянын Ишкердикти өнүктүрүү институтунда тажрыйбасын жогорулаткан. Ошондой эле Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) алкагында 2021-жылдын май айынан июнь айына чейин Потсдам прикладдык илимдер университетинде изилдөө жүргүзгөн. 2022-жылдын октябрь айында Орхун алмашуу программасы аркылуу Эге университетинде болгон. Мындан тышкары, 2023-жылдын июль айынан 2024-жылдын май айына чейин, Фулбрайт программасы аркылуу Флорида Атлантикалык университетинде болуп, «Кыргызстанда ишкер университетти түзүү: трансформациялык жол картасы» аттуу илимий долбоорун ишке ашырган. 2016-жылдын май айында Эл аралык менеджментти өнүктүрүү ассоциациясы (IMDA) тарабынан уюштурулган XXVI. Дүйнөлүк бизнес конгрессте “Эң мыкты баяндама” сыйлыгына жана 2021-жылдын декабрь айында Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасына татыган.
|
Мүчө: Доц. доктор. Явуз Эржан ГҮЛ Доц. доктор. Явуз Эржан ГҮЛ 1983-жылы Чорумда төрөлгөн. И. Арабаев атындагы Кыргызстан мамлекеттик билим берүү университетинин тарых мугалими адистиги боюнча бакалавриат билимин 2008-жылы аяктаган. 2012-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде педагогика боюнча магистратураны аяктаган. 2018-жылы ушул эле бөлүмдө докторантураны аяктаган. 2021-жылдан бери, Кыргыз-Түркия “Манас” университетинде эмгектенет. 2022-жылы Билим берүүнүн социалдык жана тарыхый негиздери багытында доцент наамын алган. Билим берүү тарыхы, билим берүү социологиясы жана этнопедагогика тармактарында изилдөөлөрдү жүргүзөт. Буга чейин 60 ашык макаланын автору, көптөгөн конференциялардын баяндамасы, долбоорлордо менеджер жана изилдөөчү болуп иштеген. Түркияда басылып чыккан 3 китеби бар. Ал ошондой эле Борбордук Евразия изилдөөлөр коомунун (CESS) мүчөсү. Орус, англис жана кыргыз тилдеринде сүйлөйт.
|
|
Мүчө: Доцент, PhD Нажимудинова Сейил Сапарбековна
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин экономика жана башкаруу факультетинин Менеджмент бөлүмүнүн мугалими. 2003-жылы бакалавриат, 2005-жылы магистратураны аяктаган. 2010-жылы ушул эле институтта «Адам ресурстарын башкаруудагы корпоративдик маданияттын мааниси жана орду: Кыргызстандын мисалында» деген темада PhD диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 2004-жылдан бери Кыргыз-Түрк Манас университетинин Менеджмент бөлүмүндө академиялык карьерасын улантууда. Доценттик наамын 2024-жылы алган. 2014-2015-жылдары Борбор Азияны изилдөө борборунун башчысынын орун басары, 2017-2024-жылдары КТМУнун экономика жана башкаруу факультетинин деканынын орун басары болуп иштеген. 2023-жылдын декабрынан бери КТМУнун Сенатынын мүчөсү, 2024-жылдын октябрынан бери КТМУнун ректорунун кеңешчиси, ноябрдан бери Карьераны өнүктүрүү кеңсесинин координатору болуп иштеп келет. 2016-жылдан бери «Манас» коомдук изилдөө журналында секциялык редактору жана редактордун орун басары болуп иштеп келет. КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Жаш окумуштуулар ассоциациясынын мүчөсү. Анын илимий кызыкчылыктары жана публикациялары - адам ресурстарын башкаруу, стратегиялык менеджмент, ишкердүүлүк, аял ишкердүүлүгү жана жогорку билим берүү проблематикасына багытталган. Кыргыз, түрк, англис жана орус тилдерин билет. |
|