- Подробности
2025-жылы 24-ноябрь күнү Түркиянын “Бахчешехир” университетинин окутуучусу д-р Нажиба Мустафаева университетибиздин студенттерине “Түрк мамлекеттери ортосундагы кызматташтык аркылуу көп тараптуулукту күчөтүү: Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) өзгөргөн ролу” аттуу семинар өткөрдү.
- Подробности
Университетибиздин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн студенттери борборубуздун жетекчиси проф. д-р Насух Услунун жана башка окутуучулардын коштоосунда 2025-жылдын 21-ноябрында Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө барышты. Эки саатка созулган сапар учурунда, Европа Биримдигинин элчиси студенттерге кайрылуу жасады.
- Подробности
Университетибиздин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Элвира Калмурзаева 2025-жылдын 7-октябрында Америкада алган магистратурадагы билим алуу тажрыйбасын Экономика факультетинин студенттери менен бөлүштү.
- Подробности
2025-жылдын 30-сентябрында Кыргыз-түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүн изилдөө боюнча стратегиялык борбору (TÜRKSAM) тарабынан Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында доцент, доктор Явуз Эржан Гүлдүн катышуусунда “Сапаттуу изилдөөлөрдө маалыматтардан маанини чыгарып алуу процесси: тематикалык талдоо” аттуу семинар өткөрүлдү.
- Подробности
Истанбул Сабахаттин Заим университетинин Ишмердүүлүк бөлүмүнүн башчысы жана Түркиянын Борбордук банкынын текшерүү кеңешинин мүчөсү, профессор доктор Метин Топрак биздин университеттин окутуучуларына жана административдик кызматкерлерине «Сапат кепилдиги жана аккредитацияда институттук түзүм жана колдонмо стратегиялар: комплекстүү модель сунушу» деген темада семинар өткөрдү.
- Подробности
Кыргызстан-Түркия “Манас” университетинин негизги баалуулуктары жана миссиясына ылайык, ректорубуз проф. д-р Алпаслан Жейландын колдоосу менен башталган Кыргызстан-Түркия “Манас” университетинин Туруктуу билим берүү борбору (KTMÜSEM) тарабынан пландалган жана университетибиздеги Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөө борбору (TÜRKSAM), Түрк дүйнөсү студенттер клубу, Эл аралык мамилелер клубу жана Аxмет Йасеви Университетинин Түрк дүйнөсү жаштар клубунун салымы менен ишке ашкан «Түрк дүйнөсү ой жүгүртүү мектеби» билим берүү долбоору ийгиликтүү аяктагандыгы маалым болду.
- Подробности
2025-жылдын 18-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөөлөр борбору тарабынан, аталган университеттин ректоратынын конференц-залында “18-март Чанаккале жеңиши жана шейиттерди эскерүү программасы” өткөрүлдү.
- Подробности
2024-жылдын 4-ноябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде «Аймактык кызматташууну бекемдөө: Борбордук Азияда жана анын чегинен тышкары Түрк мамлекеттер уюмунун ролу» темасында тегерек стол өткөрүлдү.
- Подробности
2024-жылдын 16-18-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсүн стратегиялык изилдөө борбору жана Гейдар Алиев атындагы “Ибн Халдун” университетинин Евразияны изилдөө борбору менен биргеликте “Евразиядагы өз ара байланыштарды жана кызматташууну бекемдөө” темасында IV Эл аралык Манас форумун өткөрдү.
- Подробности
2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Орто Азияны изилдөө борбору, Экономика жана башкаруу факультетинин Эл аралык мамилелер бөлүмү жана Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган программанын алкагында семинар болуп өттү.












