23.12.2025

Бакуда Азербайжан–Түркиянын 2-инвестициялык форумы өттү. Иш-чара Түркия–Азербайжан ишкерлер жана өнөр жайчылар бирлиги (TÜİB) менен Азербайжандын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү агенттиги (AZPROMO) тарабынан биргелешип уюштурулуп, Азербайжандын Экономика министрлиги жана Түркиянын Соода министрлиги тарабынан колдоого алынды.

Форумдун ачылышына Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жана Азербайжандын премьер-министри Али Асадов катышты. Хейдар Алиев атындагы борбордо өткөн иш-чарага ошондой эле Түркиянын Соода министри Өмер Болат жана AZPROMOнун аткаруучу директору Юсиф Абдуллаев катышты.

Өз сөзүндө премьер-министр Али Асадов Түркия менен экономикалык жана соода байланыштарын кеңейтүү Азербайжан үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи. Ал Азербайжан Түркия экономикасына 20 миллиард доллардан ашык, ал эми Түркия Азербайжанга 18 миллиард доллардан ашык инвестиция салганын эске салып, эки тараптуу инвестицияларды туруктуу түрдө көбөйтүүгө бекем ниетте экенин билдирди.

Ассадов ошондой эле Азербайжанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларга, Карабахтагы калыбына келтирүү иштерине жана эркин экономикалык аймактарга токтолуп, түрк ишкерлерин бул аймактарда активдүү иш алып барууга чакырды.

Түркиянын Соода министри Өмер Болат Түркия менен Азербайжандын мамилелери тарыхындагы эң жогорку деңгээлге жеткенин айтты. Ал 2016-жылдан бери эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 2,6 миллиард доллардан 8 миллиард долларга чейин өскөнүн белгилеп, өз ара сооданы жалпы соода көлөмүндө биринчи орунга чыгаруу негизги максат экенин билдирди.

Министр Болат Азербайжандын Түркия үчүн КМШ өлкөлөрүнө жана түрк дүйнөсүнө чыгуучу стратегиялык түйүн экенин белгилеп, Зангезур коридору ишке кирсе, Түркиянын Борбор Азияга жана Ыраакы Чыгышка тез жетүүсү мүмкүн болорун, ошондой эле Орто коридор дүйнөлүк сооданын ылдамдашына өбөлгө түзөрүн айтты.

TÜİBдин төрагасы Хүсеин Бүйүкфырат форум инвестиция маселелери менен гана чектелбестен, Түркия менен Азербайжандын алакаларын дагы да тереңдетүү жана келечек муундарга калчу мурасты бекемдөө максатын көздөөрүн белгиледи. Ал дүйнөдө болуп жаткан экономикалык жана геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонунда аймактык транспорттук коридорлордун мааниси өсүп жатканын айтты.

Зангезур коридорун жаңы доордун эң стратегиялык долбоору катары мүнөздөгөн Бүйүкфырат, бул коридор ишке кирсе, түрк дүйнөсү кургактык аркылуу үзгүлтүксүз байланышып, Азербайжан, Түркия жана Борбор Азия ортосунда соода кыйла ылдамдай турганын, аймакта туруктуу тынчтык жана бакубатчылык чыңдаларын белгиледи.

Ал ошондой эле TÜİBдин ишмердүүлүгүнө токтолуп, уюм ишкерлердин ортосунда кызматташууну бекемдеп, мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосунда көпүрө түзүп, инвестициялык долбоорлорду илгерилетип, эки өлкөнүн экономикасын интеграциялоо үчүн тынымсыз иштеп жатканын айтты.

Форумдун алкагында инвестициялык долбоорлор сунушталып, Азербайжандын Мамлекеттик мунай компаниясы (SOCAR) GAMA Energy компаниясынын Ички Анадолудагы газ менен иштеген бириктирилген циклдуу электр станциясынын бардык акцияларын сатып алуу боюнча келишимге кол койду.

Иш-чара “Индустрия 4.0: келечектин технологиялары”, “Айыл чарба кызматташтыгы: туруктуу өнүгүү жана азык-түлүк коопсуздугу”, “Аймактар аралык соода жана логистикалык коридорлор” жана “Каржылоого жетүү жана камсыздандыруу механизмдери” аттуу панелдик талкуулар менен уланды.

https://www.aa.com.tr/tr/gundem/bakude-2-azerbaycan-turkiye-yatirim-forumu-duzenlendi/3778304