24.12.25

2026-жылдын январь айынын башында Азербайжандын “SOCAR Turkiye Enerji AS” (STEAS — Азербайжандын мамлекеттик мунай компаниясынын туунду түзүмү) компаниясы, Түркияда этилен, полиэтилен жана полипропилен (полиолефиндер) өндүрүүчү “Front-End Engineering Design, FEED” (STEAS) аттуу жаңы компания түзүү боюнча маалымат таратты. Жаңы түзүлгөн компанияга жалпы 7 миллиард доллар  акча каражаты коротулат. Бул тууралуу “Vesti.az” маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө Түркия полиолефиндерге олуттуу муктаж болуп, бул продукциянын болжол менен 90 пайызын импорттойт. Ушундай шартта, 2030-жылдары пайдаланууга берилери күтүлгөн жаңы комплексти куруу боюнча  “Front-End Engineering Design, FEED” (STEAS) демилгеси жогорку рентабелдүү жана экономикалык жактан негизделген, туруктуу киреше алып келүүчү долбоор катары каралууда.

Учурда “SOCAR Turkiye” компаниясы 2008-жылдан бери өлкөдөгү полиолефиндерди ири көлөмдө өндүргөн дээрлик жалгыз “Petkim” холдингин башкарат. Бирок анын өндүрүштүк кубаттуулугу Түркиянын ички суроо-талаптын болгону 11–12 пайызын гана камсыздай алат. Ошондуктан жаңы өндүрүштү түзүү зарылдыгы жогору болуп эсептелет.

Болжол менен 2033-жылга карата, Түркиянын полиолефиндерге болгон муктаждыгы жылына 6 миллион тоннадан ашуусу мүмкүн. Ошол убакытта “Front-End Engineering Design, FEED” (STEAS) компаниясы этилен, полиэтилен жана полипропилен продукцияларын өндүрүп баштоосу, Түркиянын өнөр жай жана агрардык тармагынын өсүп жаткан суроо-талаптарын камсыздоодо маанилүү кызмат аткармакчы.

Полиолефиндер ар кандай багыттагы пленкаларды, кабелдик продукцияны, идиштерди, профильдүү буюмдарды өндүрүүдө кеңири колдонулат жана экономиканын көптөгөн тармактары үчүн негизги материалдардын катарына кирет.

2024-жылы “Petkim” компаниясына тиешелүү 16 ишканасы жалпысынан 2 миллион тоннадан ашык продукция, анын ичинде дээрлик 600 миң тонна полиолефин өндүргөн. “SOCAR” компаниясы жыл сайын “Petkim” компаниясынын өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактоо жана модернизациялоо үчүн 100 миллион доллардан ашык инвестиция салып келет. Ал эми 7 миллиард долларлык жаңы инвестициялык план заманбап технологияларды колдонуу менен түп-тамырынан жаңы кубаттуулуктарды түзүүнү көздөйт. Эскерте кетсек, Азербайжандын мамлекеттик “SOCAR” компаниясынын Түркиядагы долбоорлорго салган жалпы инвестициясынын көлөмү болжол менен 18 миллиард  долларды түзөт.

https://vesti.az/ekonomika/socar-gotovit-nefteximiceskii-proekt-v-turcii-stoimostyu-7-mlrd-dollarov-570178