13.01.26

Зангезур коридору Евразиянын геоэкономикалык архитектурасынын негизги элементи катары каралууда. Бул долбоор Азия менен Европанын ортосунда альтернативдүү кургактык аркылуу жүктөрдү ташып жеткирүүгө мүмкүндук түзүп, транзиттик каттамдардын чектелүү санына болгон көз карандылыкты азайтат.

Логистикалык жактан алганда, коридор учурдагы маршруттарды кайталап койбостон, альтернатива катары калыптанып, жеткирүүлөрдү диверсификациялоого, чынжырлардын туруктуулугун жогорулатууга жана тарифтик шарттарды ийкемдүү кылууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу шейшемби күнү Trend агенттиги маалымдады.

Зангезур коридору бара-бара Кытайды, Борбордук Азия өлкөлөрүн, Каспий аймагын, Түркияны жана Европаны бириктирген Орто коридордун курамына кирип, жүк ташуулар үчүн толук кандуу жана өз алдынча маршрутка айланууда. Бул система алкагында Зангезур коридору Баку–Тбилиси–Карс темир жол линиясын толуктайт.

Борбордук Азия өлкөлөрү Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстан үчүн жаңы кургактык маршруттардын өнүгүшү Түркия жана Европа базарларына чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Маалымат булагы белгилегендей, келечекте бул маршрут Азия менен Европанын ортосундагы салттуу жолдорго альтернатива болуп калышы мүмкүн.

https://business.com.tm/ru/post/14926/zangezur-route-opens-new-pathways-for-central-asia-to-europe