14.01.26

2025-жылдын январь–ноябрь айларында, “Баку–Тбилиси–Жейхан” (БТЖ) мунай кууру аркылуу Түркмөнстан менен Казакстандын өткөрүшкөн транзиттик нефтисинин үлүшү 3 миллион 707,6 миң тоннаны түздү.

Азербайжандын Мамлекеттик статистика комитетинин тараткан маалыматында, бул көрсөткүч аталган мунай кууру боюнча жалпы өткөрүлгөн көлөмүнүн 14,9% пайызын түзөт. Жалпысынан 2025-жылдын январь–ноябрь айларында, Азербайжандын магистралдык мунай куурлары аркылуу 33 миллион 408,9 миң тонна нефть ташылган. “Баку–Тбилиси–Жейхан” (БТЖ)  мунай куурунун узундугу 1,768 километрди түзөт. Ал аркылуу чийки нефть Каспий деңизинен Жер Ортолук деңизине ташылат. Мунуй кууру Азербайжандын Баку шаарынан башталып, Грузия аркылуу өтүп, андан соң Түркиянын Жер Ортолук деңиз жээгиндеги Жейхан портуна барып аяктайт.

https://business.com.tm/post/14934/turkmenistan-kazakhstan-oil-transit-via-baku-reaches-37-million-tons