06.02.26

2025-жылы Азербайжандын “Түрк мамлекеттер уюмуна” (ТМУ) мүчө өлкөлөр менен болгон товар жүгүртүүсү мурунку жылга салыштырмалуу 5,4% пайызга өсүп, 7 миллард 263,8 миллион долларды түздү.

Бул тууралуу “Vesti.az” маалымат агенттиги билдирди. Мамлекеттик бажы комитетинин отчетунда, Азербайжандын “Түрк мамлекеттер уюмуна” (ТМУ) мүчө өлкөлөрүнө болгон экспорту 3 миллиард 572,3 миллион долларга, импорту 3 миллиард 691,5 миллион долларга жеткен. Бул мезгил ичинде “Түрк мамлекеттер уюмунун” (ТМУ) өлкөлөрү менен болгон соода Азербайжандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсүнүн 14,7% пайызын түзгөнү айтылат.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Азербайжандын Казакстан менен товар жүгүртүүсү 42,6% пайызга өсүп, 670,6 миллион долларга жеткен, Өзбекстан менен болсо 3,2 эсеге өсүп, 795,2 миллион долларды түзгөн. Кыргызстан менен товар жүгүртүү 93% пайызга көбөйүп, 77,2 миллион долларга жеткен. 2025-жылы Азербайжан Түркияга 597,3 миллион долларлык нефть эмес продукция экспорттогон, Казакстанга  94,6 миллион доллар, Өзбекстанга  75 миллион доллар.

Эскерте кетсек, “Түрк мамлекеттер уюму” (ТМУ) 2009-жылдын 3-октябрында Нахчыванда өткөн саммитте кол коюлган, Нахчыван келишиминин негизинде 2012-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн. Алгач уюм “Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши” деп аталып, 2021-жылы аталышы “Түрк мамлекеттер уюму” (ТМУ) деп өзгөртүлгөн.

Азербайжан уюмдун негиздөөчү төрт өлкөнүн бири болуп саналат. Учурда аталган уюмга беш мамлекет кирет: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия. Венгрия, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы байкоочу макамына ээ. Уюмдун штаб-квартирасы Стамбул шаарында жайгашкан.

https://vesti.az/ekonomika/tovarooborot-azerbaidzana-so-stranami-otg-prevysil-72-mlrd-dollarov-577535