11.02.2026
2026-жылдын 11-февралында Баку шаарында “Санариптик трансформация жана технологиялык көпүрө” аттуу Азербайжан–Түркия бизнес-форуму болуп өттү. Иш-чара Түркиянын маалымат технологиялары тармагындагы ишканалар ассоциациясы (TÜBİSAD), Азербайжандын Инновациялар жана санариптик өнүгүү агенттиги жана “Sistem Global” компаниясы тарабынан уюштурулду.
Форумга эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Азербайжандын Санариптик өнүгүү боюнча министринин орун басары Самир Мамедов Азербайжан менен Түркия Санариптик трансформацияны стратегиялык артыкчылык катары карап жатканын белгиледи. Анын айтымында, электрондук кол тамгаларды өз ара таануу жана санариптик документ жүгүртүүнү интеграциялоо боюнча техникалык иштер толук аяктап, учурда тиешелүү укуктук механизмдер иштелип чыгууда.
Түркиянын Азербайжандагы элчиси Бирол Акгюн эки өлкөнүн лидерлеринин саясий эркинин аркасында мамилелер стратегиялык союздаштык деңгээлине жеткенин айтты. Ал 2021-жылы кол коюлган Шуша декларациясынын маанисин белгилеп, 2025-жылдын декабрында кабыл алынган иш-аракеттер планында санариптик трансформация, жасалма интеллект, маалыматтык жана финансылык технологиялар тармактарындагы кызматташтык каралганын кошумчалады.
TÜBİSAD уюмунун директорлор кеңешинин төрагасы Мехмет Али Томбалак Түркиянын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар секторунун көлөмү 33 млрд долларга жеткенин белгилеп, Азербайжан менен кызматташтык бул көрсөткүчтү олуттуу жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди. Форумга 70 жакын ишкерлер катышып, анын алкагында панелдик талкуулар жана эки тараптуу ишкер жолугушуулар өткөрүлдү.


