07.04.26
Түрк мамлекеттеринин жалпы тышкы соода көлөмү жылына $1,2 тириллион долларга жетти. Ал эми алардын ортосундагы өз ара соода көлөмү болжол менен $57 миллиард доллар деп бааланууда.
Бул тууралуу Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын төрагасы, Казакстандын Мажилисинин (парламентинин) депутаты Анас Баккожаев Азербайжандын Милли Меджлисинде өткөн комиссиянын 13-жыйынында билдирди. Анын айтымында, түрк мамлекеттеринин жалпы ички дүң өнүмү (ИДӨ) жылына болжол менен $2,1 тириллион долларды түзүп, дүйнөлүк экономикадагы үлүшү 2% пайызга жакын.
Баккожаев белгилегендей, түрк мамлекеттери өз ара сооданы кеңейтүү менен катар, Азия жана Европа рынокторуна экспортту көбөйтүүдө олуттуу потенциалга ээ. Ал өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, ички сооданы жогорулатуу, экономиканы диверсификациялоо жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү негизги багыттары экенин билдирди.
Ошондой эле ал бул багытта бир катар практикалык кадамдар жасалып жатканын кошумчалады. Алардын ичинде укуктук базаны чыңдоо, институттар аралык кызматташууну күчөтүү жана атайын механизмдерди түзүү бар.
Маалыматка ылайык, негизги демилгелердин катарына Түрк инвестициялык фонду, Түрк соода-өнөр жай палатасы, сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча комитет, санариптик экономикалык өнөктөштүк келишими, “Туран” атайын экономикалык аймагын түзүү, “жашыл каржылоо” боюнча жумушчу топ жана Түрк патенттик платформасы кирет.
https://report.az/ru/biznes/tyurkpa-obem-vneshnej-torgovli-tyurkskih-gosudarstv-dostig-1-2-trln


