22.06.26

Азербайжан өзүнүн өнүккөн транспорттук-транзиттик инфраструктурасы аркылуу Өзбекстандын Европа базарларына чыгышын камсыздап, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү ролду аткарып жатат. Бул тууралуу Vesti.az агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы Өзбекстандын экономикасы 7,4% пайызга өссө, 2025-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) өсүшү 6,8% пайыздык деңгээлинде болот деп күтүлүүдө.

Агенттик белгилегендей, акыркы жылдары Азербайжан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташтык динамикалуу өнүгүүдө. 2024-жылы эки өлкөнүн биргелешкен долбоорлорунун көлөмү 30% пайызга көбөйгөн. Тараптар 2030-жылга чейин өз ара товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылышууда. Мындан тышкары, көлөмү 10 миллиард долларды түзгөн өз ара инвестициялык фондду түзүү эки өлкөнүн экономикалык өнөктөштүгүн мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленген.

Макалада 2023-жылы 500 миллион доллар уставдык капиталы менен түзүлгөн «Азербайжан–Өзбекстан» инвестициялык компаниясынын (АӨИК) ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулган. Учурда компания жогорку технологиялар, кайра иштетүү өнөр жайы жана экспорттук потенциалды өнүктүрүү тармактарындагы долбоорлорду каржылоодо. Бүгүнкү күндө анын инвестициялык портфелинин көлөмү 144 миллион долларга жеткен.

Макаланын авторлору Азербайжан менен Өзбекстандын биргелешкен инвестициялык компания түзүү тажрыйбасы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар болгон башка мамлекеттер үчүн да ийгиликтүү үлгү боло аларын белгилешет.

https://vesti.az/ekonomika/uza-azerbaidzan-stal-svyazuyushhim-zvenom-mezdu-uzbekistanom-i-evropoi-600859