05.09.26
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда саламаттык сактоо тармагындагы илимий жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында уюштурулган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн травматологдору жана ортопеддеринин эл аралык конгресси Азербайжандын борбору Баку шаарында өттү.
4–5-сентябрь күндөрү өткөн конгресс Азербайжан ортопедия коомунун (AOC), Түркиянын травматология жана ортопедия коомунун (TOTBİD) жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн травматологдору жана ортопеддери бирлигинин (TURKOT) кызматташтыгынын алкагында уюштурулду.
Конгресстин негизги максаты, түрк дүйнөсүндө жалпы илимий көз карашты калыптандыруу менен катар академиялык изилдөөлөрдө түрк тилинин медицина жана илим тили катары колдонулушун камсыз кылуу.
6 өлкөдөн 500дөн ашуун адис Бакуга чогулду
Конгресске Азербайжан, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан (ТКТР) тышкары АКШ, Германия, Россия, Түндүк Македония, Грекия жана Болгариядан жалпысынан 500дөн ашуун дарыгер-адис катышты.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Азербайжан ортопедия коомунун төрагасы Айдын Кахраманов конгресс түрк дүйнөсүндөгү адистердин тилектештигин жана жалпы эркин билдирерин белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты: “Конгрессибиз маанилүү илимий иш-чара болуу менен бирге, түрк дүйнөсүндөгү травматологдор менен ортопеддердин дүйнөгө карата жалпы эркинин көрүнүшү болуп саналат. Бул жолугушуу түрк ортопедия үй-бүлөсүнүн келечекте жаңы биргелешкен илимий изилдөө долбоорлорун баштоосуна негиз түзөт”-деп билдирди.
Улуттук Мажлистин Саламаттык сактоо комитетинин төрагасы Ахлиман Амирслаанов жана Түркиянын Бакудагы элчиси Бирoл Акгүн да өз сөздөрүндө бул иш-чара Түрк мамлекеттер уюмунун 2040-жылга чейинки көз карашындагы максаттарга кызмат кыларын жана Баку түрк дүйнөсүндөгү маанилүү илимий борборго айланып бара жатканын белгилешти.
Медицинадагы жаңы мүмкүнчүлүктөр: роботтук хирургия, жасалма интеллект жана биотехнология
Конгресстин отурумдарында ортопедия жана травматология тармагындагы акыркы жаңылыктар, алдыңкы хирургиялык ыкмалар жана жаш дарыгерлерди окутуу маселелери кеңири талкууланды. Өзгөчө роботтук хирургия, жасалма интеллекттин жардамы менен диагноз коюу ыкмалары жана бейтаптын өз ткандары колдонулган биотехнологиялык дарылоо протоколдоруна басым жасалды.
Иш-чарада биотехнологиялык ыкмалардын маанисине токтолгон “Greentech Biotechnology” компаниясынын башкы директору Кадыр Гөкбакан: “Биотехнология толугу менен адамдын өз табиятынан жана клеткаларынан алынган дарылоо протоколу. Химиялык заттарды колдонбостон, бейтаптын өз канынан, киндик майынан же жилик чучугунан алынган ткандар аркылуу табигый дарылоо мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз”, — деп белгилеп өттү.
Түрк дүйнөсүндөгү саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда өз ара кызматташтык жөнүндө меморандумга да кол коюлган эл аралык конгресс панелдик талкуулар жана техникалык баяндамалар менен коштолуп, 5-сентябрда өз ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.


