11.09.2026
Алдын ала көрсөткүчтөргө ылайык, 2026-жылдын алгачкы сегиз айында Баку эл аралык деңиз порту менен Түркмөнстандын портторунун ортосундагы жүк жүгүртүү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 34,6% пайызга өстү. Бул тууралуу, “Азербайжан темир жолдору” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле алдын ала көрсөткүчтөргө ылайык, ушул эле мезгилде Баку порту менен Казакстандын портторунун ортосундагы жүк жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6% пайызга көбөйгөн.
Мындан тышкары, “Азербайжан темир жолдору” компаниясына караштуу Баку эл аралык деңиз портунун колдоосу менен “Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңеши” аттуу темада болуп өткөн конференциясынын алкагында, Актау, Курык, Түркмөнбашы, Поти жана Батуми портторунун жетекчиликтеринин катышуусунда жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун негизги максаты, Каспий жана Кара деңиз бассейндерин кыйла натыйжалуу, ишенимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү транспорттук-логистикалык мейкиндикке айландыруу багытындагы кызматташтыкты чыңдоо болду.
Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар, Орто коридордун стратегиялык маанисинин өсүшүн, аймактагы порттордун ортосундагы координацияны күчөтүүнү, жүк агымдарын уюштурууну тездетүү жана алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон шарттарды түзүүнү, ошондой эле биргелешкен кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты. Тараптар порттор туш болгон көйгөйлөрдү биргелешип талкуулоо, ошондой эле аймактык кызматташтыкты институционалдык жана туруктуу негизде өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.
https://business.com.tm/ru/post/16257/baku-port-trade-with-turkmenistans-ports-rises-346


