16.09.2026
Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосундагы жашыл энергетикалык коридордун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) 2027-жылдын май айына чейин даярдалышы пландалууда. Бул тууралуу Vesti.az Азербайжандын Энергетика министрлигине таянуу менен билдирди.
Маалымат 16-сентябрда Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазовдун Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Директорлор кеңешинин аткаруучу директору Сатья Сринивас баштаган делегация менен жолугушуусунда айтылды. Каспий деңизи аркылуу өтө турган жашыл энергетикалык коридор долбоору АӨБдүн колдоосу менен изилденүүдө.
Жолугушууда Азербайжан менен АӨБдүн энергетика тармагындагы узак мөөнөттүү кызматташтыгы, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, аймактык жашыл энергетикалык коридорлорду түзүү, электр тармактарын чыңдоо, деңиздеги шамал энергетикасы жана жылуулук менен камсыздоо долбоорлору талкууланды.
Парвиз Шахбазов Азербайжандын энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, энергетикалык системаны диверсификациялоо жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди. Анын белгилешинче, кийинки жылы кайра жаралуучу энергия булактарынын өлкөнүн жалпы орнотулган энергетикалык кубаттуулугундагы үлүшү 30 пайыздан ашат деп күтүлүүдө.
Ошондой эле жашыл энергетиканын жаңы кубаттуулуктарын улуттук энергетикалык системага интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо максатында электр тармактарын изилдөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Жолугушууда жасалма интеллекттин, маалыматтарды иштетүү борборлорунун жана санариптештирүүнүн өнүгүшү электр энергиясына болгон суроо-талапты көбөйтүп жаткан шартта генерациялоочу кубаттуулуктар менен катар электр энергиясын өткөрүү инфраструктурасын жана аймактык интерконнекторлорду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Тараптар «Каспий – Кара деңиз – Европа», «Азербайжан – Грузия – Түркия – Болгария» жана «Азербайжан – Борбордук Азия» багыттарындагы жашыл энергетикалык коридорлорду түзүү боюнча иштерди да карап чыгышты. Мындан тышкары, Нахчыван аркылуу Түркияга жана Европага электр энергиясын жеткирүүчү маршрутту өнүктүрүү маселеси талкууланды. Ошондой эле жалпы өткөрүү кубаттуулугу болжол менен 4 ГВт болгон жана үч этапта ишке ашырылышы пландалган долбоорду каржылоого эл аралык каржы институттарын тартуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.


