06.10.2026
Азербайжандын фармацевтика тармагындагы импортко көз карандылыгын азайтууга багытталган дагы бир ири инвестициялык долбоор ишке ашырылды.
Түркиялык компания тарабынан Бакуга жакын жайгашкан Пираллахы өнөр жай паркында курулган өлкөдөгү эң ири дары-дармек өндүрүүчү завод Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин катышуусунда өткөн салтанаттуу иш-чарада ишке киргизилди.
Жылына 60 миллион куту, башкача айтканда, болжол менен 2,5 миллиард таблетка жана капсула өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон заводдо ооруну басаңдатуучу жана антибиотиктерден тышкары, кардиология, неврология, урология, диабетология жана гастроэнтерология тармактарында колдонулуучу дары-дармектерди чыгаруу пландалууда. 5,2 гектар аянтта жайгашкан ишканада 178 адамды жумуш менен камсыз кылуу каралган.
Өндүрүлгөн дары-дармектерди Азербайжан менен катар Өзбекстанга, Казакстанга, Грузияга жана башка өлкөлөргө экспорттоо пландалууда. Ошондой эле заводдун аймагында Карабах университети жана Азербайжан медициналык университети үчүн билим берүү инфраструктурасы түзүлдү.
5 жылдын ичинде 500дөн ашык дары-дармек чыгарууну көздөп жатабыз
Түркиялык фармацевтикалык компаниянын Директорлор кеңешинин төрагасы Абидин Гүлмүш завод биринчи кезекте, Азербайжандын муктаждыгы жогору болгон, турмуштук маанилүү дары-дармектерди өндүрүүгө багытталарын билдирди.
Алгачкы максаттары 2027-жылы 50 түрдүү дары-дармек чыгарууну баштоо экенин белгилеген Гүлмүш: «Биз Азербайжанда чийки заттан баштап акыркы продукцияга чейин толук өндүрүш жүргүзө алган жалгыз заводбуз. Жаңы дары-дармектердин формулаларын иштеп чыгууну аяктап, 5 жылдын ичинде 500дөн ашык дары-дармек чыгарууга жетишүүнү көздөп жатабыз», — деп билдирди.


