14.05.24

Азербайжан жана Түркия жаратылыш газ тармагында кызматташуу келишимине кол коюшту.

Маалыматка ылайык, документке Азербайжандын Экономика министри Микаил Жаббаров жана Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​кол коюшту.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жаббаров бул келишим Азербайжандын энергетикалык ресурстарын, биринчи кезекте жаратылыш газын Түркия жана Европа рынокторуна жеткирүүнү гана камсыз кылбастан, ошондой эле Борбор Азиядан Түркия рыногуна жаратылыш ресурстарды жеткирүүгө көмөктөшөөрүн, кийинчерээк Азерайжандын аймагы аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгарын белгиледи.

Анын айтымында, Азербайжан менен Түркиянын өнөктөштүгү да аймактагы көптөгөн өлкөлөрдүн энергетикалык коопсуздугуна олуттуу оң салым кошууда.

Микаил Жаббаров “Баку-Тбилиси-Жейхан” газ кууру Азербайжан менен Түркияны гана эмес, Борбор Азиядагы боордош түрк мамлекеттерин да байланыштырганын, бул түрк дүйнөсүнүн биримдигинин дагы бир көрүнүшү экенин эске салды.

https://report.az/ru/energetika/azerbajdzhan-i-turciya-podpisali-soglashenie-o-sotrudnichestve-v-sfere-prirodnogo-gaza/