01.07.24

Кытайдан Түркияга жүк ташуучу алгачкы поезд Орто коридор аркылуу жаңы каттамга чыгарылды. Бул тууралуу “Азербайжан темир жолдору”  ишканасынын маалымат кызматы  билдирди.

Кытайдын Цзянсу провинциясынын борбору Нанкин шаарынан Стамбулга “Борбор Азия-Каспий деңизи-Азербайжан-Грузия” каттамы боюнча турмуш-тиричилик техникасы жана эң керектүү товарлар салынган 110 контейнерден турган поезд жөнөп кетти.

Учурда Кытайдан Европага мультимодалдык жүк ташуу Борбор Азия, Каспий деңизи, Азербайжан, Грузия жана Кара деңиз аркылуу өткөн бир нече каттамдар боюнча жүзөгө ашырылат.

https://report.az/ru/infrastruktura/zapushen-pervyj-gruzovoj-poezd-po-novomu-marshrutu-cherez-srednij-koridor/