05.09.24

Үстүбүздөгү жылдын 7-9-ноябрь күндөрү Стамбулда өтө турган Түрк соода көргөзмөсүндө Түрк мамлекеттеринин биргелешкен бренддери түзүлөт.

Бул тууралуу, Түрк мамлекеттеринин Соода жана инвестициялык кызматташуу бөлүмүнүн өкүлү Айгун Алиева көргөзмөнүн бет ачарында билдирди. Айгун Алиева: “Бул көргөзмө жыл сайын өткөрүлөт, анын максаты  Түрк мамлекеттеринин соода, өнөр жай, инвестиция, технология, кызмат көрсөтүү жана башка тармактарда алакасын өнүктүрүү, ишкерлердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү болуп эсептелет. Ошондой эле  20 ашык багыт боюнча жаңы продукциялар жана технологиялар көрсөтүлөт. 178 миллион калкы жана 1,9 триллион доллар экономикалык потенциалы (ички дүң продукциясы) менен Түрк мамлекеттери өздөрүнүн бай жаратылыш ресурстары жана Орто коридордун стратегиялык соода жолунда жайгашуусу менен чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Жеке сектордун өкүлдөрү бул мүмкүнчүлүктөрдөн четте калбай, өз ара инвестицияларды жана кызматташтыкты кеңейтиши керек”, - деп белгилеп өттү.

https://report.az/ru/biznes/tyurkskie-strany-budut-sozdavat-sovmestnye-brendy/