18.09.24

Азербайжандын Экономикалык реформаларды талдоо жана коммуникациялар борборунун аткаруучу директору Вусал Гасимлы Өзбекстандын президентинин кеңешчисинин орун басары, Экономикалык изилдөөлөр жана реформалар борборунун директору Обид Хакимов баштаган делегацияны кабыл алды.

Бул тууралуу, аталган борбордун маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы экономикалык, соода жана инвестициялык мамилелердин учурдагы абалы, аларды мындан ары өнүктүрүү багыттары, министрликтердин ортосундагы “Практикалык иш-аракеттер” (жол картасы) планын ишке ашырууда борборлор сунуштаган потенциалдуу долбоордук сунуштар каралды.

2024-2025-жылдарга карата соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча, Азербайжандын Экономика министрлиги жана Өзбекстандын Өнөр жай жана соода министрлигинин пландары талкууланды.

Тараптар Азербайжан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Андан соң соода-инвестиция тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды.

https://report.az/ru/biznes/azerbajdzhan-obsudil-s-uzbekistanom-uvelichenie-tovarooborota/