18.09.24
Азербайжан 2030-жылга чейин кайра жаралуучу жашыл энергия булактарынан (ВИЭ) 7 (ГВт) өндүрүштүк кубаттуулуктагы энергия алууну пландаштырууда.
Бул тууралуу, Азербайжандын Энергетика министринин орун басары Орхан Зейналов Бакуда өтүп жаткан, “Каспий энергетикалык” форумунда билдирди.
Орхан Зейналов: “Анын ичинен 2 (ГВт) кубаттуулуктагы энергия ички рынокту камсыздоого, 4 (ГВт) энергия Кара деңиз аркылуу “Азербайжан-Грузия-Европа” жашыл энергетика коридору менен экспортко чыгарылат жана 1 (ГВт) Нахчыван Автономия Республикасы аркылуу Түркия жана Европага жөнөтүлөт”,-деп белгилеп өттү.
Орхан Зейналов “Азербайжан-Грузия-Европа Кара” деңиз жашыл энергетикалык кабели долбооруна токтолуп, анын катышуучулары эки жума мурун, Бухарестте биргелешкен ишкана түзүүнү макулдашканын жана учурда техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу жүрүп жатканын, анын негизги жыйынтыгы ноябрда Бакуда боло турган COP29 жыйынында жарыяланат деп билдирди.
Орхан Зейналов: “Борбордук Азия – Азербайжан” жашыл энергетика коридорун түзүү долбоорунун алкагында, Баку шаарында биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашууга жетишилди. Келечекте бул коридорду Кара деңиздин жашыл энергетикалык кабели менен бириктирүү мүмкүнчүлүгү бар”, - деп кошумчалап өттү.