23.09.24
Түркиянын Стамбул шаарында 23-сентябрь күнү, Түрк мамлекеттеринин лыжа базаларынын биримдигин түзүү боюнча меморандумга кол коюлду.
Бул тууралуу, Азербайжандын Мамлекеттик туризм агенттигине караштуу “Шахдаг” туристтик борборунун маалымат кызматы билдирди. Документке ылайык, Азербайжан эки жыл Биримдикке төрагалык кылат жана башкы катчылыкты жетектейт.
Иш-чарага, Азербайжандын “Шахдаг туристтик борбору”, Түркиянын “Улу-Даг”, Өзбекстандын “Амирсой” жана Казакстандын “Шымбулак” тоолуу курортторунун өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда, Түрк мамлекеттеринде туризмди өнүктүрүүгө багыталган “Түркий көз караш – 2040” жана “Түрк мамлекеттерин 2022-2026-жылдарга өнүктүрүү стратегиясы” ылайык да пикир алмашуулар болду.
https://report.az/ru/turizm/tyurkskie-strany-sozdali-soyuz-gornolyzhnyh-kurortov/