23.09.24
Мамлекеттик туризм агенттигине караштуу Азербайжан туризм бюросу 18-20-сентябрда, Казакстандын Астана жана Алматы шаарларында өткөн “Luxury Travel Mart” иш-чарасынын алкагында, Азербайжандын бизнес жана люкс туризминин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, иш-чарада Казакстандын 25 алдыңкы туристтик операторлору жана туристтик агенттиктери менен “B2B” (бизнес-бизнес) форматында жолугушуулар өткөрүлдү.
Азербайжандын туристтик потенциалы, анын ичинде тоо лыжа базалары, Баку шаарына жасалуучу туристик турлар, ден-соолукту чыңдоо жана термалдык эс алуу борборлору көрсөтүлдү.
“Luxury Travel Mart” иш-чарасы, Казакстандын 50 туристтик фирмасы үчүн Азербайжандын негизги туристтик багыттарын тааныткан негизги иш чара болду.
https://media.az/economy/vozmozhnosti-lyuksovogo-turizma-azerbajdzhana-predstavleny-v-kazahstane