02.10.24

Баку шаарында 2-октябрь күнү Азербайжан инновациялык борборунун (АИБ) ачылыш аземи өткөрүлдү.

“Report” маалымат кызматы тараткан маалыматта, аталган борборду Азербайжандын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигине караштуу Инновациялар жана санариптик өнүктүрүү агенттиги тарабынан түзүлгөн.

Азербайжан инновациялык борбору (АИБ) технологиялык ишкерлерди, стартаптарды жана инноваторлорду бириктирген борборго айланат.

Ачылыш аземинде Азербайжандын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министринин орун басары Самир Мамедов Бакуда экинчи  ири инновациялык борбор түзүү пландалып жатканын белгиледи.

По его словам, в АИЦ стартапы получат возможность участвовать в программах инкубации и акселерации, встречаться с инвесторами, формировать партнерства и презентовать свои проекты.

Анын айтымында, аталган борбордо стартаптар инкубация жана акселерация программаларына катышууга, инвесторлор менен жолугушууга, өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жана өз долбоорлорун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Самир Мамедов : “Азербайжанда иштөөнү каалаган жергиликтүү гана эмес, чет элдик компаниялар үчүн да борбор ылайыктуу ижара шарттарын жана башка артыкчылыктарды сунуштаганы менен өзгөчөлөнөт”, - деп белгилеп өттү.

https://report.az/ru/ikt/v-baku-otkrylsya-azerbajdzhanskij-innovacionnyj-centr/