08.10.24
Быйыл 2024-жылдын январь-сентябрь айларында, Азербайжанга 1 миллион 963 миң 361 чет элдик жаран келген, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30% пайызга алардын санынын көбөйгөндүгү байкалган.
Бул тууралуу, Азербайжандын Туризм боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына таянып “Report” маалымат агеттиги билдирди.
Сентябрь айында Азербайжанга 235, 329 чет өлкөлүк жаран жана жарандыгы жок адам барган, бул бир жыл мурункуга караганда 22% пайызга көпттүк кылат.
Өткөн айда туристтердин эң көп агымы Орусиядан келген 62, 591 адам. Түркия 38, 661 туристери менен экинчи орунду алса, Индиядан 19, 957 турист келип алдыңкы үчтүктөн орун алган.
https://report.az/ru/turizm/potok-turistov-v-azerbajdzhan-uvelichilsya-na-30/