14.10.24
Азербайжан үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Европага 9,4 миллиард куб метр газ экспорттогон. Бул тууралуу, Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазов “X” социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Бул убакыт ичинде Түркияга 7,3 миллиард кубометр, Грузияга 1,7 миллиард кубометр газ экспорттолгон. Кошумчалай кетсек, анын айтымында бул аралыкта “Трансанадолу” газ кууру (TANAP) аркылуу Түркияга 4,2 миллиард куб метр газ экспорттолгон.
Үстүбүздөгү жылдын 9 айында, Азербайжандан газ экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу болжол менен 4,2% пайызга көбөйүп, 18,4 миллиард куб метрге жеткен.