18.11.24

Кыргызстан менен Азербайжандын энергетика министрликтери энергетика тармагында кызматташтык боюнча жол картасына кол коюшту. Бул документке, Кыргызстандын Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Азербайжан Энергетика министри Парвиз Шахбазов кол койгонун Кыргызстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жол картасына кол коюу, 2024-жылдын 24-апрелде Бакуда эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү меморандумунун уландысы болуп саналат.

Жол картасы энергетика секторундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кайра жаралуучу жашыл энергия булактары тармагында кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган.

Кол коюу аземи 11-22-ноябрда, Азербайжанда өткөн БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын  (COP-29) 29-сессиясынын алкагында өттү. Иш-чарага энергетика министри жетектеген жана энергия компанияларынын өкүлдөрүнөн турган кыргыз делегациясы да катышууда.

https://economist.kg/enierghietika/2024/11/18/podpisana-dorozhnaia-karta-po-sotrudnichiestvu-miezhdu-kyrghyzstanom-i-azierbaidzhanom-v-sfierie-enierghietiki/