24.11.24
Азербайжан жана Кытайдын ортосундагы соода мамилелеринин тарыхында, биринчи жолу экспорттук жүктөр Бакудан Кытайга темир жол аркылуу жөнөтүлдү.
Бул тууралуу “Азербайжан темир жолдору” жабык акционердик коомунун маалымат кызматы билдирди.
Экспорттук биринчи поездди жөнөтүү аземине, Азербайжан жана Казакстандын темир жол жетекчилери, Транскаспий эл аралык транспорттук багытынын катчылыгынын өкүлдөрү жана Кытайдын “Сиань Чанба” эл аралык портунун башкаруу комитетинин жетекчилери катышты.
“Баку-Сиань” деп аталган биринчи экспорттук блок-поезд 62 40-футтук контейнерден турат. Товар мультимодалдык транспорттук ыкма аркылуу Казакстан аркылуу Кытайдагы эң ири кургак порттордун бири болгон “Сиань” портуна жеткирилет. Долбоордун алкагында, ушул жылдын аягына чейин бул багыт аркылуу Кытайга жалпы 15 миң тонна же 600 контейнер экспорттук жүк жөнөтүү пландалууда.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын башынан тартып Кытайдан Азербайжанга 280 контейнердик блок-поезд келген. Жыл аягына чейин, Кытайдан 300 ашык контейнердик блок-поездди кабыл алуу пландалууда. Ал эми 2025-жылга карата бул көрсөткүчтү үч эсеге көбөйтүп 1 000 блок-поездге жеткирүү пландалууда.