26.12.24

Азербайжандын Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мүчө өлкөлөрү менен январь-ноябрь 2024-жылдар аралыгындагы товар жүгүртүүсү 6,3 миллиард долларды түздү.

Бул тууралуу, Азербайжандын Экономика министринин биринчи орун басары Эльнур Алиев, Бакуда өткөн Түрк мамлекеттерини уюмунун (ТМУ) соода-өнөр жай палаталар бирлигинин Башкы Ассамблеясында билдирди. Анын айтымында, жалпы сумманын 3,7 миллиард доллары, Азербайжандын продукциясынын экспортуна туура келет.

Эльнур Алиевдин айтымында, Түрк мамлекеттери уюму (ТМУ) өлкөлөрүнүн соода-экономикалык байланыштарын күчөтүүгө потенциалы бар жана бул багытта иштерди күчөтүү зарыл.

Байланышты өнүктүрүү үчүн Ортоңку коридордун маанилүүлүгүн белгилеп, сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча биргелешкен долбоорлор жана реформалар анын санариптешүүсүнө өбөлгө түзөрүн айтты. Анын пикиринде, бул жүк ташуулар жана аймактагы соода динамикасына оң таасирин тийгизет.

Ошондой эле министрдин орун басары,  Түрк мамлекеттери уюму (ТМУ)   өлкөлөрүнүн энергетикалык жана транспорттук кызматташтыгы аймакка гана эле эмес глобалдык процесстерге да таасир этерин кошумчалап өттү.

https://report.az/ru/biznes/tovarooborot-azerbajdzhana-so-stranami-otg-za-11-mesyacev-prevysil-6-mlrd/