27.12.24

Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын улуттук энергетикалык компаниялары “Жашыл коридор бирикмеси” биргелешкен ишканасын түзүү боюнча негиздөөчү келишимге кол коюшту.

Бул тууралуу, Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазов X социалдык тармагындагы баракчасында жазды.

Анын айтымында, Бакуда штаб-квартирасы жайгашкан бул биргелешкен ишкана "Азербайжан-Борбор Азиялык жашыл энергетикалык коридор” долбоорун ишке ашыруу жана аймактын энергетикалык келечегин түзүү боюнча маанилүү кадам болуп саналат.

https://report.az/ru/energetika/azerbajdzhan-kazahstan-i-uzbekistan-sozdali-predpriyatie-obedinenie-zelenyj-koridor/