06.01.24

Азербайжандын Мамлекеттик “SOCAR Turkiye Enerji” мунай  компаниясынын Түркиядагы 17 жылдык ишмердүүлүгү мезгил ичинде, аталган өлкөгө жасаган инвестицияларынын көлөмү $18,5 миллиард доллардан ашкан.

Бул тууралуу “SOCAR Turkiye Enerji” компаниясынын башкы аткаруучу директору Эльчин Ибадов, Стамбулдагы маалымат жыйынында билдиргендигин “Report” агенттиги жазып чыкты.

Эльчин Ибадовдун айтымында, “SOCAR Turkiye Enerjiнин” компаниясынын курамында 32 компания бар экендигин белгилеп келип: “Алдыңкы беш жылда мунайды кайра иштетүү жана нефтихимия жаатында жогорку деңгээлде интеграцияланган компания болууга багыт алдык”, - деп белгилеп өттү.

Мындан тышкары, Эльчин Ибадов компания бул мезгил ичинде газ жана энергияны үзгүлтүксүз жана натыйжалуу жеткирүүчү болуп, туруктуу өнүгүүнү улантууну көздөп жатканын кошумчалады.

https://report.az/ru/energetika/investicii-socar-v-proekty-v-turcii-prevysili-18-5-mlrd/