16.01.25
Бакуда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) бажы кызматтарынын жетекчилеринин Х жыйыны болуп, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.
Бул тууралуу “Report” маалымат агенттиги билдирди. Атап айтканда, Х жыйынынын протоколуна, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) өлкөлөрүнүн бажы администрацияларынын ортосунда маалымат алмашуу боюнча техникалык шарттарга жана 1975-жылы Женевада кабыл алынган МДП Конвенциясына ылайык e-TIR процедурасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планына кол коюлган.
Документтерге, Азербайжандын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Шахин Багиров, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев, Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрага орун басары Кайрат Жумагулов, Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков, Түркиянын Соода министринин орун басары жана Бажы администрациясынын башчысы Сезаи Учармак, Өзбекстандын Бажы комитетинин төрагасы Акмалхужа Мавлонов кол коюшту.