21.01.25
Кыргызстан менен Азербайжандын соода-экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүнүн алкагында, Кыргызстан Азербайжанда cоода үйүн ачат. Аны түзүү тууралуу макулдашууга, Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов жана Азербайжандын “Окуклу Холдинг” компаниясынын директору Ильмас Окуклу кол коюшканын “Day.az” маалымат кызматы кабарлады.
Маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, жаңы Соода үйү Кыргызстандын продукцияларын Азербайжандын рыногунда илгерилетүүчү аянтча болот. Негизги көңүл органикалык айыл чарба продукцияларын, текстиль, кол өнөрчүлүк буюмдарын жана аймакта суроо-талап жараткан башка товарларды экспорттоого бурулат.
Соода үйү жакынкы айларда ишин баштайт деп пландалууда. Ал логистика, продукцияны илгерилетүү жана жаңы рынокторду табуу боюнча кызматтарды көрсөтөт. Бул кадам эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн көбөйтүп гана койбостон, Кыргызстанга инвестиция тартат деп күтүлүүдө.
https://economist.kg/biznes/2025/01/21/v-azierbaidzhanie-otkroietsia-torghovyi-dom-kyrghyzstana/