22.01.25

Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан жашыл энергияны өнүктүрүү жана жеткирүү тарагында кызматташат.

“Report” агенттигинин маалыматына ылайык, “Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын жашыл энергияны өнүктүрүү жана жеткирүү жаатындагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу макулдашуусу” Азербайжандын  Милли Межлистин (парламент) эл аралык мамилелер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин жыйынында 22-январь күнү талкууланды.

Бул макулдашуу үч өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташтыгы үчүн жаңы стратегиялык алкактарды аныктоо максатында иштелип чыккан.

Макулдашууну ишке ашыруу үчүн “Азерэнержи” ачык акционердик коому, Казакстандын электр тармактарын башкаруу компаниясы жана Өзбекстандын “Улуттук электр тармактары” акционердик коому биргелешип “Жашыл коридор бирикмеси” аттуу ишкана түзүштү. Бул ишкана, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жана ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрөт.

Талкуудан кийин, долбоор Азербайжандын Милли Межлистин пленардык жыйынында кароого сунушталды.

https://report.az/ru/milli-mejlis/azerbajdzhan-kazahstan-i-uzbekistan-budut-sotrudnichat-v-sfere-zelenoj-energetiki/