04.02.25

Азербайжан парламенти Казакстан жана Өзбекстан менен “жашыл энергияны өнүктүрүү жана берүү” жаатындагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимди биринчи окууда жактырды, деп жазат “Вестник Кавказа” басылмасы.

Бул маселе парламенттин быйылкы жазгы сессиясынын 3-февралда өткөн биринчи жыйынында талкууланды. Келишим энергетика тармагындагы өлкөлөрдүн кызматташтыгынын жаңы стратегиялык негизин түзүү максатында иштелип чыккан.

Документ Климат боюнча Париж келишиминде каралган парник газдарын азайтуу максаттарына ылайык жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Анын алкагында, тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүү, өткөрүү жана соодалоо жаатында кызматташууну, жашыл суутек жана жашыл аммиак технологияларын ишке ашырууну колдоону пландаштырууда.

“Caspian Barrel” мунай изилдөө борборунун директору Илхам Шабан “Вестник Кавказа” гезитинин кабарчысы менен болгон маегинде Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан жашыл энергияны өндүрүү жана ташуу боюнча кызматташууну өнүктүрүүнү пландаштырган тармактар ​​тууралуу айтып берди.

Илхам Шабан: “2023-жылдын ноябрь айында, Бакуда үч өлкөнүн энергетикалык системаларын бириктирүү боюнча долбоорду кароо мүмкүнчүлүгү боюнча макулдашууга жетишилген. 2024-жылдын май айында өкмөттөр аралык келишимге кол коюлуп, бул документтин алкагында мамлекеттердин өкмөттөрү алардын кызматташуусу кандай чөйрөлөрдө өнүгө турганын аныкташкан. Эң негизгиси Өзбекстан менен Казакстандан Каспий деңизинин түбү менен Азербайжанга, андан ары Европага жашыл энергияны жеткирүү”, - деп белгилеп кетти.

Экономист Азербайжан жашыл энергетикага канчалык маани берип келгендигине да токтолуп өттү. Илхам Шабан: “Азербайжан буга чейин 2028-жылга карата жашыл энергетика анын энергетикалык балансынын 30% пайызын түзөт деп билдирген. Азыркы учурда, башкача айтканда, 2024-жылдын акырына карата, жашыл энергиянын үлүшү 14% пайызды түзөт. 2030-жылга чейин анын үлүшү 35% пайызга чейин өсөт. Азербайжан Париж келишими боюнча милдеттенмелерди алды жана белгиленген мөөнөттө аткарат”, - деп белгилеп өттү.

https://qazaqgreen.com/news/kazakhstan/2541/