06.02.25

Бакуда өткөн туризм боюнча биргелешкен “Азербайжан-Түркия” жумушчу тобунун 4-жыйынында, эки тараптуу кызматташтык жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Бул тууралуу, Азербайжандын Мамлекеттик туризм агенттигинин маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда мамлекеттик жана жеке секторлордун кызматташуу механизмдерин түзүү, аймактык туризм тармагында кызматташуу, маркетингди илгерилетүү, тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле 2025-жылга карата биргелешкен иш-аракеттер программасын даярдоо жана башка маселелер боюнча сүйлөшүүлөр болду.  Мындан тышкары, 2024-жылга карата, биргелешкен планынын алкагында аткарылган иштерге баа берилип, 2025-жылы жаңы жасала турган иш-чаралардын планы талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө, регионалдык туризмди өнүктүрүүгө байланыштуу маселелер, Измир провинциясында жайгашкан Бирги жана Ширинче айылдарынын “Айылдык туризм” долбоорунун алкагында жасалган иштеринин тайжрыбасы менен таанышуу ошондой эле Ризе жана Трабзон провинциялары менен туризм тармагында өнөктөштүк түзүүнү талкуулашты.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-ноябрында Азербайжан менен Түркиянын ортосунда туризм тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча келишимге кол коюлган.

https://report.az/ru/turizm/na-zasedanii-azerbajdzhano-tureckoj-rabochej-gruppy-po-turizmu-obsudili-voprosy-dvustoronnego-sotrudnichestva/