17.02.25
Азербайжан жана Өзбекстан аскердик-техникалык кызматташтык жаатында жол картасына кол коюшту. Бул тууралуу, Азербайжандын Коргонуу өнөр жай министрлиги “Report” агенттигине билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, 17-февралда Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан “IDEX-2025” эл аралык коргонуу көргөзмөсүнүн алкагында, Азербайжандын Коргонуу өнөр жай министри Вугар Мустафаев, Өзбекстандын Коргоо министрлигине караштуу Коргонуу өнөр жай агенттигинин директору Мансуржон Ибодуллаев менен жолугушту.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын келечеги талкууланып, өз ара кызыкчылык жараткан бир катар маселелер боюнча кеңири пикир алмашуу болду.
Тараптар Азербайжандын Коргонуу өнөр жай министрлигине караштуу “Азерсилах” Коргонуу-өнөр жай холдинги менен Өзбекстандын Коргоо министрлигине караштуу Коргонуу өнөр жай агенттигинин ортосундагы кызматташтык боюнча жол картасына кол коюшту.
Көргөзмө алкагында, Вугар Мустафаев Түркиянын “Makine ve Kimya Endüstrisi”, Бириккен Араб Эмираттарынын “International Golden Group”, Сербиянын “Jugoimport” жана Германиянын “Rheinmetall” компанияларынын жетекчилери менен да жолугушту.
Жолугушууларда коргонуу өнөр жайында биргелешкен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жана аскердик-техникалык тармактагы байланыштарды өнүктүрүү перспективалары талкууланды.