11.03.25

Азербайжан менен Венгрия эки тараптуу энергетикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Бул тууралуу “Report” агенттиги Энергетика министрлигине шилтеме берүү менен маалымдады.

Азербайжандын Энергетика министри Пярвиз Шахбазов Будапештте өткөн жашыл энергияны өнүктүрүү жана өткөрүү боюнча 10-министрлер жыйынынын алкагында, Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто менен жолугушту.

Жолугушууда “Каспий-Кара деңиз-Европа жашыл энергетикалык коридору” (Black Sea Energy) долбоорун ишке ашыруу маселелери каралды.

Азыркы энергетикалык шарттарды эске алуу менен Европа үчүн Азербайжандын жана Түштүк газ коридорунун энергетикалык коопсуздуктагы ролу баса белгиленди. Ошондой эле, Азербайжандан Европага газ жеткирүүнүн келечеги, газ ресурстарын өнүктүрүү жана инфратүзүмдү кеңейтүүнүн маанилүүлүгү талкууланды.

Мындан тышкары, венгриялык “MOL Group” жана “MVM” компаниялары менен ишке ашырылып жаткан жана пландалган долбоорлор боюнча пикир алмашуу болду.

https://report.az/ru/energetika/azerbajdzhan-i-vengriya-obsudili-razvitie-energeticheskogo-dialoga/