11.03.25
Казакстанга расмий сапары менен келген Азербайжандын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Казакстандын борбору Астанада Казакстандын премьер-министринин орун басары жана Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен жолукту.
Жеке жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Нуртлеу жана Байрамов 2025-2026-жылдарга карата эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери үчүн иш-аракеттер планын түзүп, ага кол коюшту.
Эки министр жолугушуудан кийин биргелешкен басма сөз жыйынын өткөрүштү. Казакстандын премьер-министринин орун басары жана Тышкы иштер министри Нуртлеу Казакстан менен Азербайжан эл аралык маселелер боюнча окшош позицияда экенин белгилеп: “Биздин өлкөлөр ортосунда чечилбей калган эч кандай маселе жок”, — деп билдирди.
Акыркы жылдары эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 5 эсе өскөнүн белгилеген Нуртлеу: “2024-жылы өз ара соода жүгүртүү көлөмү 533 миллион долларды түздү. Сүйлөшүүлөрдө бул көрсөткүчтү 1 миллиард долларга жеткирүү боюнча макулдаштык”, — деп билдирди.
Ошондой эле, ал Казакстан Азербайжанга дан экспортун көбөйтүүгө даяр экенин айтып: “Биз биргелешкен инвестициялык долбоорлор боюнча макулдаштык. Учурда Казакстанда Азербайжандын капиталы менен иштеген 1,518 компания бар. Ошентип, Азербайжан биздин өлкөдө эң көп компания ачкан алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди”, — деп кошумчалап өттү.
Мындан тышкары, Казакстан менен Азербайжандын Каспий деңизиндеги кызматташтыгы стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеген Нуртлеу: “Биз Транскаспий эл аралык транспорттук коридорунун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча чогуу иш алып баруудабыз. Өткөн жылы Каспий деңизи аркылуу ташылган жүктүн көлөмү 4,5 миллион тоннага жетти. Келечекте бул көрсөткүчтү 10 миллион тоннага жеткирүүнү көздөп жатабыз”, — деп билдирди.
Ошондой эле, ал Казакстандын энергетикалык ресурстарын чет элдик рынокторго жеткирүү боюнча, Азербайжан менен ийгиликтүү кызматташып жатканын белгилеп келип: “Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууру аркылуу чет элдик рынокторго жеткирилген Казакстандын мунай көлөмүн жылына 1,4 миллион тоннага чейин, андан ары 2,2 миллион тоннага чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз”, — деп билдирди.
Каспий деңизи аркылуу уранды жеткирүү боюнча көрсөткөн колдоосу үчүн Азербайжанга ыраазычылык билдирген Нуртлеу Казакстандын энергетикалык ресурстарын Каспий деңизи аркылуу жеткирүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Азербайжандын Тышкы иштер министри Байрамов болсо, 2024-жылдын 25-декабрында Бакудан Грозныйга багыт алган Азербайжандын авиациясына таандык жүргүнчү учагы Казакстандын Актау шаарынын жанында кыйраган учурда көрсөтүлгөн колдоосу үчүн Казакстан өкмөтүнө жана элине ыраазычылык билдирди.
Азербайжан менен Казак эли бир туугандык байланыштар, орток тил, салт жана маданият аркылуу бириккенин белгилеген Байрамов, эки өлкө ортосунда мамлекет башчылары тарабынан курулган өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген мамилелер бар экенин айтты.
Байрамов Түрк мамлекеттери уюму (ТМУ) баш болгон ар кандай эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагындагы кызматташтыкты да талкуулашканын белгилеп, уюмдун эл аралык аренадагы ролун күчөтүү боюнча демилгелерди колдой турганын билдирди.
Кол коюлган “иш-аракеттер планы” эки өлкөнүн ар кыл тармактарда кызматташтыгын камтый турганын белгилеген Байрамов: “Биз экономикалык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө тийишпиз. Бул контекстте, Борбордук коридордун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген Транскаспий эл аралык транспорттук коридору боюнча кызматташтыкты кеңейтүү, Каспий деңизинин түбүнөн оптикалык була байланыш линиясын куруу мамилелерибизге жаңы дем берет”, — деп белгилеп өттү.