11.03.25

“Туран” каржылык тиркемеси Азербайжанда санарип капчыктын ишке киргенин жарыялады. Компаниянын билдирүүсүнө ылайык, бул окуя “Турандын” түрк дүйнөсүндө каржылык интеграцияны чыңдоо боюнча көз карашын ишке ашырууда маанилүү кадам болуп эсептелет.

Тиркеме Азербайжан рыногуна чыгып, регионалдык түрк каржылык экосистемасын түзүүгө даярданууда. Жакын арада “Туран” Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан сыяктуу башка түрк мамлекеттеринде лицензияланган санарип капчыктарын ишке киргизүүнү пландаштырууда.

Түрк мамлекеттеринин ортосунда акча которуу коридорлорун түзүүнү көздөгөн “Туран” Азербайжан, Казакстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Кыргызстан жана Өзбекстанга өтө ылдам акча которуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Көрсөтүлгөн кызматтардын жардамы менен тиркеме түрк дүйнөсүндөгү миллиондогон адамдар үчүн чек ара аралык каржылык операцияларды жеткиликтүү жана тез кылат.

“Турандын” негиздөөчүсү жана башкы директору Өзгүр Байрактар Азербайжанда лицензияланган ишмердүүлүктүн башталышы түрк дүйнөсүндө каржылык интеграцияны чыңдоого чоң кадам экенин билдирди.

Байрактар “Туран” максаттуу өлкөлөрдүн ортосундагы акча которуу инфраструктурасын жакшыртып, капчыктар ортосундагы акча которууларды түп-тамырынан өзгөртөт деп белгилеп келип: “Салттуу банк системаларына караганда тезирээк жана арзан чечимдерди сунуштоо менен “Туран” түрк дүйнөсүндөгү каржылык чек араларды жок кылат жана миллиондогон адамдар үчүн каржылык кызматтарды жеткиликтүү кылат”- деп билдирди.

https://www.aa.com.tr/tr/isdunyasi/finans/turan-azerbaycanda-lisansli-faaliyet-gosteren-turkiyeden-ilk-dijital-cuzdan oldu/694002#:~:text=Anadolu%20Ajans%C4%B1&text=%C4%B0STANBUL%20(AA)%20%2D%20Finans%20uygulamas%C4%B1,vizyonunun%20%C3%B6nemli%20bir%20ad%C4%B1m%C4%B1%20olacak