21.03.25
2024-жылы Азербайжандын түз чет өлкөлүк инвестициялары Өзбекстан экономикасына 93,108 миллион долларын түздү.
“Report” маалымат агенттиги Азербайжандын Борбордук банкынын маалыматына шилтеме берип, түз инвестициянын көлөмү жыл ичинде 4 эсе, же 69,868 миллион долларга артканын билдирди. Азербайжандык инвестициялар Өзбекстанда жалпы түз инвестициянын көлөмүнүн 5,3% пайызын түзөт.
Эскерте кетсек, 2024-жылы Азербайжандан башка өлкөлөрдүн экономикасына түз чет өлкөлүк инвестициялар 1,762 миллиард долларды түзгөн. 2023-жылы Азербайжандын Өзбекстанга түз чет өлкөлүк инвестициялары 23,239 миллион долларды түзсө, ал эми жалпы Азербайжандын чет өлкөлөргө болгон инвестициялары 3,117 миллиард долларды түзгөн.
https://report.az/ru/finansy/azerbajdzhan-v-4-raza-narastil-pryamye-investicii-v-uzbekistan/