05.04.25
Баку шаарында 2-4-июнь күндөрү 30-юбилейлик “Баку энергетикалык аптасы” (Baku Energy Week), иш чарасы Азербайджан менен Венгриянын энергетика тармагындагы кызматташтыгын бекемдөө үчүн аянтча болуп саналат. Бул тууралуу “Report” агенттиги билдирди.
Аталган иш-чара, Азербайджандын дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу маанилүү ордун дагы бир жолу көрсөтүп, эки өлкө арасындагы энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Акыркы жылдары, Азербайджан менен Венгрия энергетика тармагында кызматташтыкты кеңейтүүгө маани берип келишет.
Мисалы, 2024-жылдын сентябрь айында Венгриялык “MOL” жана Азербайжандык “SOCAR” компанияларынын ортосунда “Шамахы-Гобустан” мунай-газ кенинде геологиялык изилдөөлөрдү жана казып алуу иштерин жүргүзүү боюнча, ыктыярдуу түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган. Андан мурда, 2024-жылдын июнь айында “MOL” компаниясы Азербайжандын эң ири газ кендеринин бири болгон “Шахдениз” долбооруна катышууга киришкен.
Мындан тышкары, Венгрия Азербайжандын газын сатып алуунун көлөмүн көбөйтүү жана ал үчүн инфраструктура түзүү маселелерин активдүү талкуулап жатат. Кошумча тармак катары, Азербайжандан Венгрияга Грузия, Румыния, Болгария аркылуу электр энергиясын жеткирүү үчүн “жашыл энергетика” коридорун түзүү маселеси каралууда. Ошондой эле, Венгрия Азербайжан, Грузия, Түркия жана Болгария катышкан “жашыл энергия” коридорунун дагы бир бөлүгүнө кошулууга да кызыкдар.