23.05.25
10–12-июнь күндөрү Баку Экспо борборунда түрк мамлекеттеринин соода-инвестициялык кызматташуусуна арналган II Түрк соода жарманкеси – форум жана көргөзмө өтөт.
Биринчи жарманке 2024-жылдын 7–9-ноябрында Стамбул шаарында өткөн. Бул иш-чара Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү агенттиги (KOBİA), Экономикалык реформаларды жана коммуникацияларды талдоо борбору менен өнөктөштүктө, ошондой эле Кичи жана орто бизнестин субъекттери менен клубдарынын ассоциациясы (KOBSKA) жана “ROK Expo” компаниясынын уюштуруучулук колдоосу менен өткөрүлөт.
Жарманке Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Венгрия, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мамлекеттик түзүмдөрүнүн колдоосу менен уюштурулууда. Форумдун максаты, бул өлкөлөр ортосунда соода, өнөр жай, инвестиция, технология жана кызмат көрсөтүү тармактарын өнүктүрүү жана дүйнөлүк рыноктордо биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү. II Түрк соода көргөзмөсүндө экономикадагы жыйырмадан ашык тармакты камтыган товардык топтор жана эң жаңы технологиялар көрсөтүлөт.
Көргөзмөнүн максаты, Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн ортосунда өнөр жай, инвестиция, технология жана кызмат көрсөтүү жаатындагы кызматташтыкты өрчүтүү. Көргөзмөгө 11 өлкөдөн келген компаниялар катышат, ал эми меймандар катары 20 ашуун мамлекеттин өкүлдөрү иш-чарага катышат.
Түрк дүйнөсүн глобалдык күч борборуна айлантышыбыз керек
Иш-чарага арналган маалымат жыйынында Түрк соода көргөзмөсүнүн уюштуруучусу жана “ROK Expo” компаниясынын негиздөөчүсү Айгүн Алиева II Түрк соода көргөзмөсү тууралуу кеңири маалымат берди.
Анын айтымында, түрк мамлекеттери бардык тармактарда тышкы саясаттан тарта соода, энергетика, жашыл экономика, туризм, санариптешүүгө жана ал тургай космостук изилдөөлөргө чейин көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүдө.
Айгүн Алиева белгилегендей, Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык кызматташтык түрк дүйнөсүндөгү жалпы интеграциянын жана өз ара аракеттенүүнүн негизги жана динамикалуу багыттарынын бири болуп саналат.
Айгүн Алиева: “Жеке сектор, башкача айтканда, компаниялар бул өз ара аракеттенүүдөн пайда көрүшү үчүн биз Түрк соода көргөзмөсү долбоорун иштеп чыктык. Бул платформа ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы бизнес байланыштарды чыңдоого багытталган негизги механизм болуп кызмат кылат. Биз биргелешкен күч-аракетибиз менен Түрк мамлекеттер уюмун (тму) дүйнөлүк аренада күч борборуна айлантышыбыз керек. Бул максатка биз биргелешип гана жете алабыз. Бир тууган өлкөлөр катары өнөктөштүгүбүздү бекемдөөнүн негизинде биз жарык келечекке бирге кадам таштайбыз”, - деп белгилеп өттү.
https://www.aa.com.tr/tr/ekonomi/bakude-10-12-haziranda-2-turk-ticaret-fuari-duzenlenecek/3577349