12.06.25

Ташкент шаарында 11-июнь күнү Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Азербайжандын өкмөт башчысы Али Асадовдун жолугушуусу болду. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы ар кыл тармактардагы мамилелердин динамикалуу өнүгүп жатканы канааттануу менен белгиленди.

Эки мамлекеттин президенттери тарабынан берилген тапшырмаларды аткарууну камсыз кылуу үчүн өкмөттөр аралык тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу маанилүү экени белгиленди.

Быйыл Азербайжан менен Өзбекстандын дипломатиялык мамиле түзгөнүнө 30 жыл толот. Өткөн мезгил аралыгында мамлекеттер аралык мамилелер ырааттуу жана ар тараптуу өнүгүп келгени канааттануу менен белгиленди. Президенттердин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында, 2024-жылы союздаштык мамилелер тууралуу тарыхый келишимге кол коюлган. Ошону менен бирге, жакынкы күндөрү Өзбекстандын Президенти Бакуга кайрадан расмий сапар менен барары белгиленди.

Экономикалык жана соода мамилелердин өнүгүү динамикасы жогору бааланды. 2024-жылы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 41% пайызга өстү. Ушул жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу товар жүгүртүү үч эсеге жакын көбөйгөн.

Июнь айында, Азербайжанда Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 14-жыйыны өтөрү белгиленди. Ошондой эле 2024–2025-жылдар үчүн экономикалык, соода жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү боюнча “Жол картасы” ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы айтылды.

“Азербайжан-Өзбекстан” инвестициялык фондунун алкагында учурда 10 ашуун келечектүү долбоор каралууда. Алар билим берүү, курулуш материалдарын чыгаруу, текстиль өнөр жайы, логистика, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы сыяктуу тармактарды камтыйт.

Жашыл энергия тармагында да өз ара пайдалуу кызматташуу жолго коюлгандыгы канааттануу менен белгиленип, Азербайжан, Өзбекстан жана Казакстан менен биргеликте Европага “жашыл энергия” жеткирүү боюнча маршрут түзүүгө багыт алып жатканы айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт жана транзит тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү да каралды. 2024-жылы эки өлкө ортосундагы транзиттик ташуулар 18% пайыздан ашык өскөнү белгиленди. Өзбекстан тарапка “Орто коридордун” мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдалануу сунушталды.

Аймактар аралык байланышты чыңдоонун маанилүүлүгү айтылып, эки өлкөнүн 10 шаарынын арасында туугандаштык жөнүндө келишимдерге кол коюлганы оң бааланды. Жолугушууда өз ара кызыкчылык жараткан ар кыл тармактар боюнча эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү келечеги талкууланды.

https://eccis.org/news/29952/v_tashkente_sostojalas_vstrecha_premer-ministrov_azerbajdzhana_i_uzbekistana