11.06.25

2024-жылдын 7–9-ноябрында Стамбулда өткөн алгачкы жарманкенин экинчи жолу Азербайжандын Кичи жана орто ишканаларды өнүктүрүү Агенттиги (KOBİA) жана Экономикалык реформаларды талдоо жана байланыш борборунун кызматташтыгы,  Кичи жана орто ишканалар жана клубдар ассоциациясы (KOBSKA) жана “ROK Expo” уюму тарабынан Баку Экспо борборунда уюштурулду.

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Венгрия, Түркмөнстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин колдоосу менен өткөн бул иш-чаранын максаты, аталган өлкөлөрдүн соода, өнөр жай, инвестиция, технология жана тейлөө тармактарындагы кызматташтыгын тереңдетүү болду.

20 ашуун тармак боюнча товарлар жана жаңы технологиялар көрсөтүлгөн жарманкеде өлкөлөрдүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, стратегиялык тармактары, бизнес чөйрөсүнүн көйгөйлөрү жана алардын чечүү жолдору боюнча адистердин катышуусунда конференциялар өткөрүлдү.

Катышуучу компаниялардын ортосундагы эки тараптуу жолугушуулар аркылуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жана жалпы түрк бренддерин өнүктүрүү максаты коюлду. 10 өлкө катышуучу, 20дан ашуун өлкө конок катары катышкан жарманке 12-июнга чейин уланды.

Түрк Соода Жарманкесинин уюштуруучусу Айгүн Алиева “AA” агенттигине берген маегинде жарманкенин алкагында түрк мамлекеттеринин экономикалык күчү жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрү, айыл чарба, соода талаш-тартыштары жана алардын чечилиши, стартаптар жана бренд түзүү темаларында талкуулар өткөнүн билдирди.

Айгүн Алиева: “Түрк соода жарманкесинин негизги максаты, түрк мамлекеттеринин өнүгүп жаткан кызматташтык тармактарынан жеке сектордун да пайдалануусун камсыз кылуу эле. Түрк мамлекеттери 20дан ашуун тармакта кызматташып жатышат. Жарманкеде да ушул тармактар боюнча товарлар көрсөтүлдү. Максатыбыз түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык кызматташууну дагы бекемдөө. Ошондой эле түрк мамлекеттеринин таанылбаган товарларын бири-бирине таанытуу. Кийинки жарманкебизди Өзбекстанда, андан соң Түндүк Кипр өлкөсүндө  өткөрүүнү пландап жатабыз”-деп белгилеп өттү.

https://www.aa.com.tr/tr/ekonomi/bakude-2-turk-ticaret-fuari-acildi/3593078