20.06.25

Азербайжандын Өзбекстанда соода өкүлчүлүгүн түзүү тууралуу саясий чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Азербайжан менен Өзбекстандын Баку шаарындагы Аймактар аралык форумунда Азербайжандын Экономика министри Микаил Жаббаров маалымдады.

Микаил Жаббаров: “Азербайжандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүн түзүү чечими кабыл алынганын жарыялагым келет. Бул кадам биздин экспортту илгерилетүү, инвестициялык кызматташууну кеңейтүү, эки өлкөнүн ишкерлеринин түз байланыштарын орнотуу жана биргелешкен аймактык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн негизги курал болот”, – деп белгилеп өттү.

Ал ошондой эле Азербайжан менен Өзбекстандын президенттери кол койгон Союздаштык мамилелер жөнүндөгү келишим өткөн жылдын август айында кол коюлганын жана ал эки тараптуу узак мөөнөттүү байланыштар менен региондук саясатты аныктоодо маанилүү багыт болгонун белгиледи.

Микаил Жаббаров: “2024-жыл Азербайжан жана Өзбекстандын өнөктөштүгүн өнүктүрүүдө маанилүү окуялар менен белгиленди. Май айында Губа шаарында II Аймактар аралык форум өтүп, анын алкагында Физули менен Гулистан, Билясувар менен Термез, Мингячевир менен Наманган шаарларынын арасында бир тууган шаарлар келишимдери түзүлдү. Айрыкча баса белгилеп кетким келет, биргелешкен долбоорлордун көбү дал ушул биздин өлкөлөрдүн аймактарында ишке ашууда. Бул аймактар аралык кызматташтык улуттук артыкчылыктарды колдоочу гана эмес, туруктуу жана өз ара пайдалуу өнүгүүнүн өз алдынча механизми экендигинин ачык далили болуп саналат” – деп билдирди.

https://report.az/ru/biznes/azerbajdzhan-otkroet-v-uzbekistane-torgovoe-predstavitelstvo/