03.07.25
Өзбекстан жана Азербайжан кеме куруу тармагында кызматташуу боюнча макулдашышты. Бул тууралуу 2-июлда Бакуда өткөн Шавкат Мирзиёев менен Илхам Алиевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында мамлекет башчылары, Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин экинчи жыйынынын чечимин кабыл алышты. Ошондой эле бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Кол коюлган документтердин арасында кеме жүрүү жана кеме куруу тармагында кызматташуу тууралуу протокол да бар.
Эскерте кетсек, 2024-жылы Өзбекстандын муктаждыктары үчүн паромдорду биргелешип өндүрүү боюнча долбоор түзүлөрү маалымдалган. Бул долбоордун болжолдуу баасы 150 миллион доллар. Тараптар ошондой эле Транскаспий маршруту аркылуу жүк ташууларды өнүктүрүү үчүн биргелешкен ишкана түзүшү мүмкүн.
Илхам Алиев ошондой эле деңиз аркылуу жүк ташуулар боюнча кызматташууну сунуштаган. Айрыкча “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолу курулуп жаткан шартта.