04.09.25

Измир шаарында IV Азербайжан–Түркия энергетикалык форумы өтүп, анда эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүдөгү жаңы багыттар жана жетишкендиктер белгиленди.

Бул тууралуу “Vesti.az” маалымат агенттиги билдирди. Азербайжандын Энергетика министри Парвиз Шахбазов “Игдыр–Нахчыван” газ куурун ишке киргизүү, “TPAO” компаниясынын “Шафаг-Асыман” долбооруна катышуусу, Сирияга газ жеткирүүнүн башталышы, “жашыл энергетикалык интерконнекторлорду” өнүктүрүү жана “Зангезур” коридору боюнча келишимдер, Азербайжан менен Түркиянын энергетикалык байланыштарын жаңы, күчтүү деңгээлге чыгарарын билдирди.

Министр белгилегендей, эки өлкө көп жылдан бери энергетикалык өнөктөш гана эмес, ошондой эле аймактын геоэкономикалык мейкиндигин калыптандырып жаткан, тынчтыкка, туруктуулукка жана эл аралык энергетикалык коопсуздукка өбөлгө түзгөн стратегиялык союздаштар болуп эсептелет. Ал “бир улут — эки мамлекет” принциби жана Азербайжан менен Түркия лидерлеринин өз ара ишеними мамилелерди мурда болуп көрбөгөн деңгээлге чыгарганын жана бардык энергетикалык долбоорлордун кыймылдаткыч күчүнө айланганын кошумчалады.

Бүгүнкү күнгө чейин, Азербайжандан Түркияга 120 млрд куб метрден ашуун газ экспорттолгон, анын 35 млрд куб метри “TANAP” газ кууру  аркылуу жеткирилген. Ал эми Европага 50 млрд куб метрден ашык газ жөнөтүлгөн. Быйылкы жылдын биринчи сегиз айында эле Түркияга 6,6 млрд куб метр, ал эми Түркия аркылуу Европанын өлкөлөрүнө 8,3 млрд куб метр газ ташылган. Мындан тышкары, Азербайжан Сириянын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылып, 60 миллион куб метр газ жеткирди.

Форум протоколго кол коюу жана алдыңкы энергетикалык компаниялардын катышуусунда тегерек столдорду өткөрүү менен жыйынтыкталды.

https://vesti.az/ekonomika/azerbaidzan-i-turciya-dogovorilis-o-glavnyx-napravleniyax-sotrudnicestva-foto-556914